www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү куудул Жамбыл Камчиев кимдир бирөөлөрдүн калп сөзүнө ишенип Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын төрагасы Ахматбек Келдибеков жана Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты Жылдыз Жолдошевадан жалган маалымат таратканы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ал  социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди:

"Буга чейин Жылдыз Жолдошева менен Ахматбек Келдибеков тууралуу жазгандарым баары тең ушак жана жалган маалымат болуп чыкты. Мен өз сөзүн далилдей албаган адамдардын ушагына ишенип элге туура эмес маалымат таркатыпмын.
Ошондуктан, Жылдыз Жолдошевадан, ошондой эле Акматбек Келдибековтон кечирим сурайм. Экөөңөрдү "кагыштырайын" деген күчтөр бар экенине ишендим. Сиздерге ийгилик каалайм... дагы бир жолу үзүр.

Ушакчы, жалаакор адам - уурудан миң эсе жаман. Себеби ал адамдын кадыр-баркын, ар намысын уурдайт. Ал эми жараткандын таразасы эч убакта жаңылбайт! Ошон үчүн адам ар дайым өз сөзүнүн кулу эмес, ээси болушу кажет",-деп сөзүн аяктаган куудул Жамбыл камчиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости