www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекке кирүү үчүн 30-апрелге чейин алынган өткөрмө кагаздардын мөөнөтү автоматтык түрдө 11-майга чейин узартылат. Бул тууралуу комендатуранын маалымат кызматы билдирди.

Учурда 1-майдан баштап иштөөгө уруксат берилген ишканаларга электрондук уруксат кагаздарды берүү боюнча иштер жүрүүдө. Кеп такси кызматтары, бир катар өнөр жай ишканалары жана курулуш тармагы жөнүндө болуп жатат.

Өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө кырдаал режими, кээ бир жерде өзгөчө абал тартиби иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости