www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кен байлыктар элдики болгон соң, толугу менен элге жетиши керек. Бул тууралуу пикирин Гүлжигит Исаков социалдык тармагына жазып чыкты.

--Маселен, Бириккен Араб Эмираттарына окшогон өлкөлөрдө улуттук байлык болгон мунай тышка экспорттолгондон кийин анын 85-87% казынага кайтып, жаңы төрөлгөн наристелердин эсебине көптөгөн акча түшөт. Ар бир жаранга тегиз таркатылат.

Орусияда казынага 15-20% эле түшөт экен. Калгандары оффшорлордо, олигархтардын чөнтөктөрүндө калат экен. Бизге келгенде ошол 15-20% дагы түшпөйт. Депутат сөрөйлөрдүн баары кен байлыктар талана турган мыйзамдарды жазып беришет.

Маселен, Жерүйдө мамлекетибиздин үлүшү 0% (НӨЛ). Анан эле муну түшүнбөгөн жарандарыбыз ошол ууруларды, уурдоого ыңгайлаштырган мыйзамдарды жазгандарды эки тыйын үчүн мактай беришет.

Бул жерде көп деле билимдин кереги жок. Өлүм жазасын кайтарып, мамлекеттик саткынчылыктарга баргандарды дубалга тизип, аларды ата турган окторду өздөрүнө төлөтмөйүн, "миллиондорду уурда, жүз миң менен кутул, калганына жыргап жаша" деген эреже менен тартип орнотуу кыйын. Уурулар уурулук кылуу пайдасыз экенин түшүнгөндө гана уурулук абдан азаят же биротоло токтойт,  - дейт Исаков. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости