www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы Кумтөр алтын кени Орто Азия боюнча эң ири кен болуп саналат. Бир нече айдан бери ушул кендин айланасында дуу-дуу кеп болуп, жаңжал бүтпөдү. Мурда бул алтын кенинин кирешеси өлкөнүн жетекчилеринин үй бүлөсүнүн бюджетине кетип, 6-7% гана мамлекеттин казынасына түшүп жаткан болсо, азыр 100%  бюджетке түшүп жатат. Бул кенден түшкөн киреше өлкөнүн казынасынын 20% толтурчу.

Ушундай себептерден улам Кумтөрдөгү коррупцияны ооздуктоо максаты менен алтын кенге сырттан башкаруу киргизилген. Башкача айтканда, азыр Садыр Жапаров үчүн өлкөнүн бюджетин эки эсеге жогору көтөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Болгондо да өтө чукул убакыттын ичинде. Ушул эле жол менен тышкы карыздан да кутулууга болот. Мурунку президенттер Кыргызстанды коррупцияга батырып, өлкөнү сазга тыгылган абалда таштап кетишти.

Арийне, Кумтөрдүн мурунку кожоюндары да азыр тишинин кирин соруп отурушат. Анткени менен алар кыргыз элинин байлыгын 20 жылдап уурдап жешкен. Алар кыргыз бийлигине ар тараптуу басым жасап жатышат, ошону менен бирге эл аралык соттор да. Алар айрым ММК аркылуу, оппозициялык күчтөр аркылуу Садыр Жапаровду бийликтен алып түшүүнүн айласын издеп жатышат. Бирок, Садыр Жапаровдун басып өткөн жолу бул багыттан тайганга жол бербейт.

Мурунку президент Атамбаев Жапаровдун депутаттык комиссиясынын Кумтөрдөгү миллиарддаган мыйзам бузган жемкорлукту, экологиялык катастрофаны ачыктаганына карабастан Асылбек Жээнбеков баштаган мамлекеттик комиссия түзүп, Кумтөрдүн тарабын алган жыйынтык чыгарышкан.

Албетте, Садыр Жапаров андан кийин да унчукпай койгон жок. Бул анын көп жылдар бою саясий куугунтукта жүрүшүнө себеп болду. Баарыбыз билгендей ал 2013-жылы бийликти күч менен басып алуу боюнча аны каралашып, бирок ал сот залынан акталып чыгып кеткен.

Кийинчерээк ага жасалма кылмыш ишин козгогондугуна байланыштуу ал чет мамлекетке чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Ал 2017-жылы мекенге кайтып келээри менен СИЗОго киргизилген. Анын жакындарын да аяшкан эмес. Тынчтык митингине катышкандардын баарын СИЗОго камашкан.

Жыйынтыгында Садыр Жапаров Караколдогу митингди уюштуруп, Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алды деген күнөө менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Садыр Жапаровдун саясий эрки бараткан багытынан тайбаганга жетеби? - деген суроого келсек, анын баскан жолу бет алган багытынан тайганга жол бербейт.

Последние новости