www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Чыныгы азаматтар депутат болот деп айтыш кыйын” - деди, бүгүн, 15-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Нарынбек Молдобаев.

--Нарынбек агай, жаңы жазылган шайлоо мыйзамынын негизинде жазылган аралаш система менен парламентке чыныгы азаматтар келет деп үмүт артсак болобу?

--Алтынчы чакырылыштын депутаттары шайлоо кодексин абдан туура жазышкан. Бирок, аларды дагы туш тараптан сындап жатышат. Негизи шайлоо мыйзамы эң калыс жазылган мыйзам болду десем жаңылышпайм. Мисалы, бир партияда 54 гана талапкер болот. 54түн кимиси көбүрөөк добуш алса, тизмеде биринчи же бешинчи экенине карабай мандатка ээ болот. Бу сапар партияга жана талапкердин өзүнө да добуш берилет деген жери мага жагат. Исхак Масалиев "бул бир мандаттуу шайлоодой эле болуп калыптыр” деди.

Чынында бул жерде бир партиялык тизме менен шайлоого катышса да, белгилүү кишини Кыргызстан боюнча шайлашат. Жеке эле өз округунан эмес, Кыргызстан боюнча партиянын ичинен ошол фамилияны тандап туруп, добуш беришет. Бирок, чыныгы азаматтар депутат болот деп айтыш кыйын.

Анткени, 12 жолу шайлоо өткөргөн күндө дагы акчасы бар, элге таанылган киши  добуш алат. Ошондой болсо да тилектер жакшы, жетинчи чакырылышка жакшы депутаттар келет деп үмүт кылам. Буюрса, бул шайлоодо даана, кызыктуу, өтө ысык күрөш, таймаш болот. Партиялык тизме менен шайлоого катышкандарга да, бир мандаттуу шайлоо үчүн да күрөш катуу болот.

--Бир мандаттуу округдардан эл акчалууларга басым кылып койбойбу?

-Негизи шайлоодо каражаты көптөр ийгиликке жетет. Бир мандаттуудан деле  колунда барлар чыгат го. Анткени, колунда жоктор сүрөтүн да иле албайт да. Сүрөт чыгарганга дагы каражат керек. Гезиттерди таратканга дагы каражат кетет. Кыскасы, телевидениеден эфир алганга дагы, элдер менен жолугушканга дагы каражат керектелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости