www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеке маалыматтарды коргоо боюнча жаңы орган - азыркы замандагы технологиялык зарылчылык, - дейт публицист Талант Жумабаев NazarNews маалымат агенттигине. 

Ага кошумча, "Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгү маалында айткан мамлекеттик башкаруу механизмин реформалоо иштери уланууда. Мындай пикирин кинематограф, публицист Талант Жумабаев жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин түзүлүшү боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, санарип технологиялар мамлекеттин иш алпаруусунда жана коомдун турмушунда ыкчам темп менен маанилүү роль ойной баштады. «Кыргызстандын катардагы жарандары санариптештирилбеген жана санариптештирилген мамлекеттик кызматтардын сапатынын айырмасын көрүп жатышат. Санариптештирилген мамлекеттик кызматтар ары ыңгайлуу, ары ылдам, жана сапаты да жакшы болууда. Ал башка заманбап технологиялар сыяктуу эле, уруксатсыз кирүүдөн коргоону жана коопсуз тейлөөнү талап кылат. Бүгүнкү күндө "ким маалыматка ээ болсо, ал дүйнөгө ээлик кылат". Бул маселе жөн эле технологиялык, өндүрүштүк маселе эмес, бул мамлекеттик коопсуздукка да тиешелүү маселе», - деп баса белгиледи эксперт.

Жаңы агенттик жеке маалыматтардын корголушун камсыздоо, жеке маалыматтар топтомунун ээлерин каттоо жана башка функцияларды аткаруу үчүн иштелип чыгып, түзүлдү. Т.Жумабаевдин белгилөөсүндө мындай функцияларды мамлекеттик органдар гана аткара алат. "Дал ошол себептен, агенттиктин түзүлүшүн аткаминерлердин санынын көбөйүшү катары эмес, заманбап дүйнөдө технологиялык зарылчылык катары кабыл алуу керек", - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости