АКШ Сооронбай Жээнбековду бийликтен кандайча кетирген? Батышчыл 5 депутат...
Саясат  |   |  12658

Кыргыз жеринде чаң-тополоң болуп туруусуна АКШ эмне үчүн кызыкдар болуп турат?

Эмнеге АКШ элчилигинин аскер атташеси Тажикстан менен болуп жаткан талаштуу жерге төрт жолу барган? Вашингтондун буту ал жерге жетери менен ал жерде чек ара боюнча жаңжалдар болуп турган. Кыргызстанга чек аралаш Тажикстан менен болгон мамилесин татаалдантуу үчүн АКШга эмне шам? АКШ элчилиги аркылуу Кыргызстандын ички иштерине дайыма кийлигишип турат. Кыргызстанда ызы-чуу уюштуруш үчүн АКШ Конгресси көптөгөн акча бөлүп өзүнүн элчилигине алып келген. АКШ ошондой эле начар иштеп жаткан элчисин алмаштырып, ордуна башаламандыктардын уюштуруучусу, Вашинтон каякка жиберсе «Бөрк ал десе, баш алган» Дональд Луну Кыргызстанга элчи кылып алып келген. АКШ эмне үчүн кыргыз-тажик мамилесин курчуткусу келет?

Кыргыз элин жалпы эле Борбор Азияны козгогонго өткөн жылдары Штаттар 4 млрд 200 млн. сомдук накта доллар жөнөтүшкөн. Ишенимдүү болуш үчүн ачык жазалы: диппочта Hillwood Airways америкалык авиакомпаниясынын чартердик рейси менен жалпы салмагы 880 килограммдык 26 мөөр басылып, абдан бекемделген «упаковкада» АКШ элчилигине багытталып келген.

Бул жүктү тосуп алыш үчүн Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен 15 дипломат 5 автомашина менен барышкан. Мындан көп ондогон тонна дипломатиялык жүк келсе да ордунан козголбогон Штаттан, бул дипжүктү жандап келгендер ажынын эмес ал тургай жүнүн жешет.

Демек, бул жүк абдан баалуу экени белгилүү. Бул жүктөрдү текшерүүгө кыргыз тараптын укугу жок. Жакшы байкагандар үчүн бул жүктө айтылбаган сыр бардай, АКШнын Кыргызстандагы элчилиги накталай акча алганы жыттанып турса да ачыкка чыкпай келе жатат. Көрсө, чын эле Бишкектин «Манас» аэропортуна 4 млрд 200 млн сомдук 60 млн накта доллар келип түшкөн. Штаттын элчилигине мынча акчанын кереги эмне? Буга төмөнкүдөй максаттар себеп болуп жаткандай:

1. Кыргызстанга чек аралаш Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон мамилесин татаалдантыш керек, ушундан улам чек арада ортого «от ташталып» чек арада чатакка чыгып турууга тийиш.

2. Парламенттик шайлоо учурунда АКШнын башкы «бомба жардыруучу» Демократияны колдоо боюнча Улуттук фонду (NED) батышчыл жарандык коомдордун, формалдуу эмес жаштар уюмдарынын лидерлеринин жана өлүп-талып, апыртып-жабыртып Батышты жактап-мактаган маалыматчылардын, ушуларга көмөк көрсөткөндөрдүн гранттарын көбөйткөн.

3. Бардыгына белгилүү болгондой ушул жалакор адамдардын акча каражатын Кыргызстандык өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) бөлүштүргөн. Мунун арасында ЦРУнун тили менен айтканда саясий ыдык көргөн топтор бар. Мындай НПОлордун саны он. Ушулар акыркы убакта 786 млн 332 миң сом грант алышкан.

4. Бул акча каражаттары Кыргызстандагы Москва менен мамиле түзүп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге каршы пайдаланат. Бишкектин ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдарга жакшы сөздөрдү айткандар тамыр түбүнөн жулунуп, аларга тескери сын айтууга бул акчалар жумшалат.

5. Орусияны көздөй ишмердүүлүккө багыт алган мыйзамдарды, нормативдүү актыларды жокко чыгарган НПОлордун иш-аракети кубатталат.

6. Кыргызстанда калып алып калган улуттук үй-бүлөлүк туруктуулукту түп тамырынан жок кылып АКШнын Улуттук демократиялык институту (НДИ) жана ЮСАИД өкүлдөрү Гендердик теңчилик шылтоосу менен күйүп бараткан отко май тамызып туруу керек.

7. Кыргызстандын коопсуздук органдарында Штаттын оюу боюнча реформа жүрүп, алар парламентке баш ийип турушу керек. АКШ парламентке өз адамдарын кийирип коопсуздук органдарын көзөмөлгө алууга тийиш.

8. АКШнын башкы максаты Батышчыл саясатчылардын башын бириктирип, бир муштумга айлантып аларды мамлекеттик кызматтарга коюш керек. Бул үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын парламенттик шайлоодо өз адамдарын депутат кылуу үчүн жан аябай иштөөсү зарыл. Ушундай кызматтар үчүн акча каражаттарын Кыргызстанга жөнөтүп жатышат.

Эмне үчүн банк аркылуу которушпай, накталай акчаларды жөнөткөн, мунун да чоң себептери бар:

1. Биринчи схема боюнча АКШнын Түндүк Каролина штатынын Чарлстон шаарында жайланышкан Казначылыктын расчеттук эсеби жана Таиланддун Бангкоктогу элчилигинен расчеттук эсеби боюнча акча каражаттары которулуп тура турган.

2. Экинчи схема боюнча Алматыдагы АКШнын элчилигинин Башкы консулдугу тарабынан накталай акча каражаттарын грант жегичтерге ашатып турган.

3. Биринчи схеманын же которуу жолу менен алган акчаларды алууну Кыргызстанда чыккан «Терроризмди каржылоого каршы аракеттер жөнүндө» мыйзам татаалдаштырып салган. Себеби, 1 миллион сомдон көп которулган акчаларды финансылык чалгындоо текшерип турууга тийиш. Өздөрүнүн изин жашырыш үчүн америкалыктар акча берүү жаатын татаалдашытырып салышкан. Учурда акча каражаттары Штаттан түз келбейт. Алар Бенилюкска (Бельгия, Нидерланды, Люксембург) жана Грузиянын ар кандай фонддорунун филиалдарына которушат, алар Кыргызстандагы НПОлорго которушат.

4. Штаттар башкысы накталай акчага басым жасай башташкан. АКШ 2020-жылы тынч жаткан Кыргызстанды кайрадан козгоп, каржы ресурстарын биз аркылуу Борбор Азияга чачкысы келет. Анткени, үмүт кылып турган ал кездеги мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков АКШнын күткөнүн актабай, өңүн Орусия менен Кытайды көздөй буруп кеткен.

Ошондуктан, АКШ тарабынан сунуш кылынган кызматташуу тууралуу келишимге кол коюуну кечеңдеткенден, бул келишимдерде Кыргызстандын кызыкчылыктары такыр каралган эмес, АКШ үчүн гана пайдалуу болмок. Эгер бул келишимге Кыргызстан кол коё турган болсо, өзү мүчө болуп турган ЖККУ, ШКУ, ЕАЭБ алкагында беделин түшүрүп алмак. АКШ бизди «мурдубуздан жетелеп» коопсуздукту өзүнө каратып, НАТОнун шартында аскер-техникалык кызматташтык сунуштап, ошондон улам чек араны да АКШ көзөмөлдүккө алмак. Бул келишим боюнча АКШ жана «наточуларды» салык, бажы төлөмдөрдөн кутултуу жолун карашкан. «НПОчулар» жана башка Батыштын көрсөтмөсү таянып, АКШ элчилигинин келишими менен иштегендер америкалык жана башка эл аралык уюмдардан каржыланса кыргыз бюджетин «салаасынан бармагын» көрсөтүп койсо болмок. Андан тышкары буларга кол тийбестик дипломатиялык иммунитет да каралган. Буларга эч кимдин колу тийбей, эң башкысы «НПОчулардын» таскагы катуу чыгып, кыргыз бийлигине отчет беришпей каалаганын жасашмак.

Бул келишим ишке ашса батышчыл маалыматтык каражаттар «өзүм бий, өзүм хан» болушмак. Кыргыз бийлиги «көз карандысыз» деп аталган ММКлардын чекелеринен да черте алышмак эмес.

Эгер Кыргызстан бул келишимге кол койсо АКШ чек арада оюн салмак, ал мамлекеттин агенттери чектөөсүз чек араларга барышып, ар кандай маалыматтарды чогултушуп, аны өздөрү каалагандай пайдаланышмак. Ушул келишим аркылуу Кыргызстан Борбор Азияда Кошмо Штаттарга гана көз каранды полигонго айланып калмак. Ушул полигон аркылуу АКШ Борбор Азия мамлекеттеринде башаламандыктарды уюштуруу максатында каалаганын жасай беришмек. Ушундай максаттары ишке ашпай калган АКШ кандай болсо да Сооронбай Жээнбековдун бийлигин кетирүүнүн жолун издешкен.

2020-жылдын башында Кыргызстандын жарандарына Кошмо Штаттарына кийирүүгө виза бербөө мыйзамы чыккан. Арийне, Батышты колдогон депутаттар беш жылга чейин ал жакка кирүүгө визаны мурун эле алып коюшкан. Ошондон улам АКШ өз элчилигин жана Улуу Британиянын элчилигин Кыргызстанга буруп «Сорос» фонду, ЮСАИД аркылуу коомчулуктун бийликке болгон тескери мамилесин жаратуу үчүн каржылоону күчөтүшкөн.

(Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын айрым маалымат каражаттарына чыгарылган материалдар колдонулду).

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями