www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Улуттук банкы акча алмаштыруучу жайга айланып калды. Мындай пикирин эксперт Гурас Жапаров айтты.

Анын айтымында, Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун кунун кармоо үчүн долларды сатуу, интервенция менен гана алек болуп калды.

--"Акча саясатында "күчтүү" жана "алсыз" валюта деген түшүнүк бар. Биздин сом алсыз валютага кирет. Ал күчтүү болушу үчүн өлкөдө өндүрүштүн көлөмү өсүшү зарыл. Улуттук банк учурда "акча алмаштыруучу" жайга айланып калды.

Экономиканы көтөрүү үчүн кредиттик саясатка өзгөртүүлөр киргизүүлүсү зарыл. Бизде коммерциялык банктарда насыянын үстөк пайызы дагы деле жогору бойдон калууда", - деп кошумчалады эксперт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости