www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш жаңы жылдык кайрылуусунда дүйнө лидерлерин согуш жүргүзүүгө эмес, жакырчылык менен күрөшүүгө көбүрөөк каражат багыттоого чакырды. Бул тууралуу БУУнун Жаңылыктар борборунун расмий сайтында маалымдалды.

Генсек дүйнө лидерлерин «туура приоритеттерди коюуга» жана ресурстарды кыйроого эмес, өнүгүүгө жумшоого үндөдү.

Гутерриштин айтымында, бүгүнкү күндө адамзаттын азап-тозогунун масштабы болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетти: Жер жүзүндөгү калктын төрттөн бир бөлүгүнөн көбү куралдуу жаңжалдар болуп жаткан аймактарда жашайт, 200 миллиондон ашык адам гуманитардык жардамга муктаж, ал эми дээрлик 120 миллион адам согуштардан, кризистерден жана жаратылыш кырсыктарынан улам өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгон.

Бул көйгөйлөрдүн фонунда, БУУнун башчысы дүйнөлүк аскердик чыгымдардын кескин өсүп жатканы өзгөчө тынчсыздандырарын белгиледи. Анын айтымында, глобалдык аскердик чыгымдар $2,7 трлнга жетип, бир жыл ичинде дээрлик 10 пайызга өскөн.

«Жаңы жылда туура чечим кабыл алып, приоритеттерди туура коёлу. Коопсуз дүйнө куруу үчүн биринчи кезекте жакырчылык менен күрөшүүгө көбүрөөк каражат салып, согуштарга азыраак жумшоо керек. Тынчтык үстөмдүк кылышы зарыл», — деди Гутерриш.

Генсек дүйнөлүк коомчулуктун жашоонун сапатын жогорулатууга, планетаны сактоого жана тынч, адилеттүү келечекти камсыздоого жетиштүү ресурстары бар экенине ишенерин билдирди.

«Бул жаңы жылда биригели. Адилеттүүлүк үчүн. Адамзат үчүн. Тынчтык үчүн», — деп жыйынтыктады Антониу Гутерриш.

Последние новости