www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш дүйнө коронавирус менен алышып, ири державалар, анын ичинде АКШ менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу күчөп турганда, кайрадан уюмдун баш катчылына киришүүгө даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 7-апрелде дүйнө элин "тынчтык үчүн дипломатияны күчөтүүгө", кансыз согуштун алдын алууга чакырып, XXI кылымда климаттык кризистен баштап, өзөктүк куралдын көбөйүшү жана адам укуктарынын тепселенишине чейин бардыгы уланып келе жатканын баса белгилеп өттү.

Азырынча бул кызматка жалгыз талапкер Гутерриш дүйнөдө туура эмес маалыматтарга, популизмге, экстремизмге, ксенофобияга жана расизмге алдангандар көбөйүп баратканына токтолуп, "Эгерде БУУга мүчө мамлекеттердин ортосунда ишеним жок болсо жана ири державалардын мамилеси начар бойдон кала берсе, анда көп тараптуу система эч нерсе кыла албайт", - деди.

Бул жылы дагы жети адам Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчылыгына талапкерлигин коюп, бирок бир дагы өкмөт тарабынан колдоого алынышкан эмес.

Буга чейин, Германиянын өкмөтү Антониу Гутерриштин БУУнун баш катчылыгына жаңы беш жылдык мөөнөткө талапкерлигин көрсөтүү чечимин кубаттай турганы белгилүү болгон. Бул тууралуу Германиянын канцлери Ангела Меркель менен тышкы иштер министри Хайко Маас билдиришкен.

72 жаштагы баш катчынын биринчи ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2021-жылдын соңунда аяктайт. Башкы катчы БУУнун Коопсуздук Кеңеши тарабынан шайланат жана Башкы Ассамблея тарабынан бекитилип, анын ыйгарым укуктары кайрадан шайлануу мүмкүнчүлүгү менен беш жылга созулат. Шарт боюнча мөөнөттүн санына чектөө жок, бирок ушул убакка чейин эч ким бул кызматта он жылдан ашык иштеген эмес.

Португалиялык саясатчы Антониу Гутерриш Бириккен Улуттар Уюмунун тогузунчу Башкы катчысы. Ал 1995-2002-жылдары Португалиянын премьер-министри, 2005-2015-жылдары БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары болуп иштеген. Ал 2017-жылдын 1-январында Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы болуп Ассамблея тарабынан шайланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости