www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүн Team Insane Pakistan деп атаган хакердик топ Телеграм-каналына 630 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана компанияларынын жеке маалыматын ачыкка чыгарганын жарыялады.

Хакердик топ мунун себебин 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук көрсөткөн окуяга «протест катары жасалган иш» деп түшүндүрүүдө.

Хакерлер жеке маалыматтарды кайсы ресурстан алышканын тактаган эмес. Бирок бул топ «Азаттыктын» журналисттеринин суроосуна берген жообунда gov.kg сайтынын субдоменин бузуп киришкенин билдирип, колуна тийген базаны Жогорку Соттун маалыматы деп мүнөздөдү. Бул маалыматты Жогорку Сот четке какты.

«Азаттыктын» изилдөөсү хакерлер жарыялаган базада эски маалыматтар камтылганын, ошентсе да көп адамдын аты-жөнү, дареги жана жеке идентификациялык номурлары дале актуалдуу экенин көрсөттү. Тизмеде жөнөкөй жарандардан тарта, Кыргызстандагы мамлекеттик кызматтагы адамдардын, саясатчылардын жана киберкоопсуздукка жооптуу жетекчилердин да жеке маалыматтары бар. Алардын бир бөлүгү дале тизмеде көрсөтүлгөн даректерде жашаса, бир бөлүгү базадагы даректерден көчүп кетишкенин айтышты.

Тизмеде эски даректерден тышкары мындан он жылда мурда көзү өткөн адамдардын жеке маалыматы да бар. Ошол эле маалда анда 2022-жылы массалык түрдө кыргыз жарандыгын алган кайрылмандар менен орусиялыктардын жана алар түзгөн компаниялардын маалыматтары жок. Мындай жагдай маалымат базасы эски деп айтууга дагы бир жолу негиз берет.

Маалымат базаларын билген адистер маалыматтар көбүнчө салык тармагы менен мамлекеттик каттоо системасынан уурдалган болушу ыктымал деп болжошууда. Ошол эле маалда айрым IT эксперттери бул маалымат базасы көмүскө интернеттеги ачык булактарда болушу мүмкүн экенин да четке какпайт. Кыргызстандын мамлекеттик органдары соңку айларда олуттуу киберчабуулдар болбогонун, маалымат системалары бекем корголгонун, кандай хакердик болбосун бузуп кире албай турганын билдирүүдө.

2020-жылы Кыргызстандагы маалымат каражаттары 800 миңден ашык салык төлөөчүнүн жеке маалыматы ачыкка чыгып кеткенин жазышкан. Анда кыргызстандыктар тууралуу маалымат базасы алгач англис тилиндеги форумдарда пайда болуп, кийинчерээк орус тилиндеги Телеграм каналдарга жарыяланганы айтылган. Хакерлер жарыялады деген бул маалымат төрт-беш жыл мурда ачыкка чыккан базага да байланышы болушу мүмкүн.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости