www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мирзиёев расмий сапар менен Түркияга барат

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 6-июнда расмий сапар менен Түркияга барат. Бул күнү Анкарада эки өлкөнүн лидерлеринин төрагалыгында Стратегиялык кызматташтык кеңешинин үчүнчү жыйыны өтөт.

«Иш-чаранын күн тартибине өзбек-түрк ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү маселелери киргизилди», – деп жазылган өзбек президентинин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн президенттери товар алмашуу көлөмүн көбөйтүү, ошондой эле өнөр жай, «жашыл» энергетика, электротехника, текстиль, фармацевтика, айыл-чарба жана башка тармактар боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашат.

Мындан тышкары эл аралык саясаттын актуалдуу аспекттери боюнча пикир алмашуу болот. Ошондой эле Шавкат Мирзиёев менен Режеп Тайып Эрдоган эки өлкөнүн алдыңкы ишканаларынын жана компанияларынын жетекчилери менен биргелешкен жолугушууларды өткөрүшөт.

Жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтер кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Мирзиёев акыркы жолу Түркияга өткөн жылы март айында, Түрк мамлекеттер уюмунун саммитине катышуу үчүн барган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости