www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Израиль Иранга каршы согушка Вашингтондун аралашканын кааларын ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Хания Түркиянын мамлекеттик Anadolu агенттигине маек куруп жатканда билдирген. 

Анын айтымында, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Газадагы согуштун бүтүшүн каалабайт, тескерисинче чатактын бул алкактан чыгып, регионалдык көйгөйгө көчүшүнө кызыкдар.

"Дал ошондой эле каалоо менен америкалыктардын согуштун кайсы гана багытында болбосун, өзгөчө Иранга каршы кармашка катышып же Израилди карап, калкалаган аскердик канат болушун көздөйт", — деген Хания.

Америкалык ЖМКлардын маалыматына таянсак, жума күнү Израиль Иранга жооп кылып, анын аймагындагы объектилерге "чектелген" чабуулун жасаган. Исфаханда жарылуу болгону тууралуу кабарлар түшкөн. Ирандын IRIB маалымат агенттиги бир катар провинцияларда пилотсуз учактарга реакция кылып, абадан коргонуучу системалар иштеген. Tasnim агенттиги Исфахан провинциясындагы өзөктүк объектилер толук коопсуздукта экенин кабарлаган. ТИМ башчысы Хосейн Амир Абдоллахиан Исфахандын үстүнөн атып түшүрүлгөн дрондор аймакка зыян келтире албагандыгын билдирген. Ал "Израилди колдогон" ЖМКларды чабуулдун кесепетин көбүртүп-жабыртып жазды деп күнөөлөгөн.

Сокку Иран Израилди ракеталар менен жапырт аткылоого алгандан бир жума өткөндөн кийин урулган. CNN телеканалы өзүнүн маалымат булактарына таянып, эки тарап тең эми аткылашпай тургандыгын жазган.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости