www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Палестиналык ХАМАС радикалдык кыймылы Израилдин түштүгүндөгү Беэр-Шева шаарын жана эки кибуцаны (айыл чарба коммунасы) ракета менен аткылашты. Бул тууралуу кыймылдын Telegram-каналында айтылат.
Эске салсак, 7-октябрда эртең менен Израилге Газа тилкесин башкарган исламчыл ХАМАС кыймылы массалык ракеталык сокку урган. Мунун фонунда Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир 7-октябрда өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялаган. Буга жооп кылып, Иерусалим антитеррордук "Железные мечи" операциясын баштаган. Анын биринчи фазасы 8-октябрга караган түнү аяктаган.
Израилдин премьер-министри Нетаньяху өлкө согуш абалында экенин билдирген.
Палестиналык аскерлер жүздөн ашуун израилдикти, анын ичинде жогорку даражалуу аскер кызматкерлерин туткунга алышкан.
Булак: NazarNews.kg