www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын мурдагы Жогорку лидери аятолла Сейед Али Хаменейди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 26-июндан кийин өткөрүлөт.

Бул тууралуу Хаменейдин чыгармаларын сактоо жана жарыялоо боюнча кеңсеге шилтеме жасаган Tasnim агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, акыркы күндөрү жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарында мурдагы Жогорку лидердин тажыясы качан өтөрү тууралуу ар кандай божомолдор айтылганы менен, алардын эч бири расмий түрдө тастыкталган эмес.

Билдирүүдө аятолла Сейед Али Хаменей менен коштошуу жана аны жерге берүү аземи Мухаррам айынын биринчи он күндүгү аяктагандан кийин өткөрүлөрү белгиленген. Так датасы жана башка маалыматтар кийинчерээк коомчулукка жарыяланары айтылды.

Буга чейин ирандык расмий өкүлдөрдүн маалыматына ылайык, Хаменей өзүнүн керээзи боюнча өлкөнүн эң маанилүү диний борборлорунун бири болуп саналган Мешхед шаарындагы Имам Резанын күмбөзүнө коюлат деп билдирилген.

Ошондой эле 28-февралда аятолла Сейед Али Хаменей АКШ менен Израилдин Тегерандагы биргелешкен чабуулунун натыйжасында үй-бүлөсүнүн жакын мүчөлөрү менен кошо каза болгону тууралуу маалымат тараган. Андан кийин анын ордуна уулу Можтаба Хаменей келген.

Последние новости