www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин аскерлери Херсон багытында глобалдык жеңилүүнү баштан кечирүүдө. Бул туурасында региондун жаңы аскердик-жарандык администрациясынын башчысынын орун басары Кирилл Стремоусов билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, учурда Херсон аймагынын коопсуздугу камсыздалган. Украин аскерлери августтун аягында контрчабуул жасоо аракетин баштаган. Россиянын Коргоо министрлиги алардын мизи кайтарылып, украин тарап көп сандаган жоокерлерин жана техникасын жоготуп жатканын айтты.

Атайын операциянын жүрүшүндө РФ аскерлери Херсон жана Запорожье облусунун Азов бөлүгүн көзөмөлгө алган. Эки аймакта тең жаңы администрациялар түзүлүп, россиялык телеканалдар менен радиостанциялар обого чыгууда, Крым менен соода жана транспорт байланышы калыбына келтирилип жатат. Аймактар Россиянын курамына кирүү планын жарыялашты. Андан сырткары, сегиз жылдан бери жабык турган Түндүк Крым каналы ачылып, жарым аралга кайрадан суу киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости