www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Honor компаниясы смартфондорун Орусияга түз экспорттону токтотту. Бул тууралуу 30-июнда "Ведомости" гезити жазды.

Басылма мындай маалыматты Honor'дун Орусиядагы дистрибьюторлорунун биринен алган. Honor өзү бул боюнча "Ведомостинин" жөнөткөн катына жооп берген эмес.

Маалыматка караганда, Honor Орусияга экспортту март айында эле токтоткон. Компания учурда өз продукциясын Орусияга "параллелдүү импорттун" жардамы менен жеткирүү үчүн Армениядан жана Грузиядан өнөктөштөрдү издеп жатат.

"Параллелдүү импорттоонун алкагында смартфондорду Орусияга экспорттоо тууралуу Өзбекстан менен макулдашуу жетишилди", – деп жазды "Ведомости" дистрибьютордун айткандарына таянып.

Басылманын маалыматына караганда, Honor "параллелдүү импортту" колдонуу менен АКШнын санкцияларынан кыйгап өтүүгө ниеттенип жатат.

Азырынча өзбек тарап бул маалымат боюнча эч кандай билдирүү жасай элек. Буга чейин АКШ орусиялык "Радиавтоматика" компаниясына микросхемаларды саткан Өзбекстандын Promcomplektlogistic компаниясын санкциялык тизмеге киргизгени кабарланган.

30-мартта Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин параллелдүү импорт үчүн жоопкерчиликти жокко чыгарган токтомго кол койгон. Бирок Мамлекеттик Дума параллелдүү импортту легалдаштыруу тууралуу мыйзамды 21-июнда гана жактырган. Документ Орусияга товарларды өндүрүүчүлөрдүн уруксаты жок эле алып кирүүгө мүмкүндүк берет.

Экономисттердин эсебине ылайык, 2022-жылдын экинчи кварталында Honor'дун Орусиянын смартфон базарындагы үлүшү 4,2% түзүп, бешинчи орунга жайгашкан.

Последние новости