www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын президентине караштуу Мамлекеттик кызмат агенттигинин Согд облусу боюнча бөлүмүнүн башчысы Лоик Урунзода бир айдан ашык убакыттан бери камакта отурат.

Прокуратура аны "кылмышка даярданган, документтерди жасалмалаган жана жерди мыйзамсыз берген" деп айыптоодо.

Лоик Урунзода Хожент шаарындагы автомектептердин бирине тиешелүү жер тилкесинин бир бөлүгүн көп кабаттуу үй курууга бөлүп берүү маселесине кийлигишүүсү мүмкүн экенин белгилеген сот аны камакка алуу чечимин чыгарган.

Соттун чечиминде бул факт 2023-жылы ноябрда болгон деп айтылат. Бирок Урунзоданын жакындары Лоик ошол күндөрү иш сапарда болгонун билдирип жатышат. Алар анын күнөөсү жок экенин айтып, ишти акыйкат иликтөөнү талап кылууда.

Бул арада Хожент шаарынын мэри Фирдавс Шарифзода аткаминер документ жасалмалоо боюнча арыздын негизинде кармалганын айтты.

"Тергөө жүрүп жатат, эч кандай маалымат бере албайм. Тергөө сыры деген нерсе бар. Белгилей кетейин, бул маселе Хожент шаарынын мэринин жер тилкесин бөлүп берүү боюнча токтомуна кол коюуга байланыштуу эмес. Бул туура эмес маалымат" ,-деди ал.

Аткаминерлер аралашкан жер маселесине байланыштуу кылмыштар Тажикстанда кадыресе көрүнүш. Өлкө президенти Эмомали Рахмон 24-январда өткөн өкмөттүн жыйынында 2023-жылы жер менен алдамчылык кылган 161 аткаминер кармалганын билдирген.

Уруксатсыз жана мыйзамсыз берилген дээрлик 18 миң гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылган. Бирок бул ыйгарым укуктарына жер маселеси кирбеген мекеменин жетекчиси камакка алынган алгачкы учур болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости