www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура Ишенаалы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин имараттары жана жер участокторунун ижарага мыйзамсыз берилиши боюнча кылмыш ишин козгоду.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик мүлктөр мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен иш козголду.

«Текшерүүдө Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайдын жооптуу кызмат адамдары жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы «Аукциондук борбор» мекемесинин мурдагы башчысы С.И. тарабынан 2018-жылдан 2022-жылга чейин аталган окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана жер участокторун эч бир келишим түзбөстөн жеке жана юридикалык жактарга ижарага берип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости