www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 22-октябрда, Японияга болгон иш сапарынын алкагында Токио шаарында лидери Гэн Накатани жетектеген «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү менен жолугушту.

Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде парламенттер ортосундагы өз ара мамилелер боюнча пикир алышуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын тарыхый окуясы — император Нарухитонун такка отуруу аземине катышуу ал үчүн сыймык экендигин, байыркы япон салттарынын сакталып келиши ага чоң таасир калтырганын баса белгиледи.

Ал жаңы императордун такка отуруусу менен куттуктап, япон элине өнүгүүнү жана жакшылыктарды каалады. Кыргызстан Япония менен достук мамилелерди бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө чоң маани берээрин айтты.

«Япония бизге түрдүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга сезилээрлик жардам берүүдө. Ошондой эле Кыргызстандагы парламентаризмди бекемдөөгө көмөгүн белгилеп кетким келет», — дейт анда Жээнбеков.

Ошондой эле президент Кыргызстандын экономикасына инвестицияларды тартуу боюнча кызматташуу жөнүндө айтып жатып, ал өлкө чет элдик инвесторлор, анын ичинде япон инвесторлору үчүн да ачык экенин белгиледи.

«Биз инвестициялык чөйрөнү мындан ары жакшыртуу боюнча алгылыктуу иштерди алып баруудабыз. Өлкөнүн мыйзамдык базасы инвесторлор үчүн керектүү шарттарды камсыздайт.  Биз чет өлкөлөрдөн, анын ичинде Япониядан да, ири компания жана корпорацияларды тартууга, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарбыз», — деди президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал эми кезегинде «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын президентине Япония императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

«Сиздин визит жана аземге катышууңуз — Кыргызстан элинин жана жеке Сиздин биздин өлкөгө болгон өзгөчө мамилеңиздин далили», — деп белгилешти Япониянын парламентарийлери.

Мунун алдында эле президент Сооронбай Жээнбеков «NHK» япон телеканалына берген интервьюсунда кыргыз-япон кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгү тууралуу айтканын канааттануу менен белгиледи. Ошондой эле Кыргызстан жана Япониянын парламенттик делегацияларынын өз ара жасалган визиттери тууралуу айтышты.

«Кыргызстан чоң туристтик потенциалга ээ. Сиздердин жаратылыш абдан кооз, абасы, суусу таза. Суу-энергетикалык ресурстардын чоң запастары бар. Булардын баары Кыргызстан үчүн баа жеткис байлык», — деп белгилешти «Кыргызстан-Япония» парламенттик достук лигасынын мүчөлөрү.

Алар ошондой эле экологиялык жактан таза азыктардын жана ошону менен бирге кыргыз балынын артыкчылыктарын белгилеп, Сооронбай Жээнбековго япон дүкөнүнөн алынган Кыргызстандын балын тартуулашты.

Последние новости