www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Япония 2030-жылдардын ортосунда бензин менен иштөөчү автоунааларды чыгаруусун токтотот. Бул тууралуу маалыматты өлкөнүн Экономика, өндүрүш жана соода министрлигинде макулдашуулар болуп жатканын “Киодо” агенттигине таянып РИА Новости сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 2030-жылдардын ортосунан тарта Японияда электр тогу жана суутек менен иштечү гибрид моторлуу авто көлүктөр чыгарыла баштайт.
Автоунаа өндүрүүчүлөрдүн мындай кадамга барышына премьер-министр Есихидэ Сугинин 2050-жылга чейин абага зыяндуу газдарды бөлүп чыгарууну токтотобуз деген демилгеси себеп болууда.
Адистер бул чечим автокурулуш индустриясында бир топ өзгөрүүлөрдү алып келерин айтууда. Япония жаңы багыттар боюнча жылдын аягына чейин өз позициясын аныктай турганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg