www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Конституцияны өзгөртүүдөгү талаш-тартыш жараткан жактары кайсылар?

- Биринчиден, талаш жараткан жери - легитимдүүлүк маселеси. Убактылуу президенттин милдетин аткарып жаткан адам конституциялык реформаларды, референдумду өткөрө албайт. Бул мыйзам бузуу болуп эсептелет.

Экинчиден, ар кандай реформаларды кылардан мурун алгоритмди сакташ керек. Башкача айтканда, жарым жыл коомдук талкууда болушу абзел. Ошондон кийин ал долбоор эксперттик жыйында жок эле дегенде үч айга чейин электенет. Анан коомдук талкууга кайра берилиши керек.

Коомдук талкуу дегенде бизнес, илимий чөйрө, саясий топтор, партиялардын баары катышышы шарт. Конституциянын реформасын бери дегенде эки жылдай карап, талдап чыгуу зарыл. Адегенде легитимдүү президентти, парламентти шайлап алыш керек эле.

- Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын негизинде авторитардык башкаруу орнойт деген кооптонууларга негиз барбы?

- Бул Конституцияда 61 жерге өзгөртүү кирип жатат. Башкача айтканда, өзгөртүү эмес, жаңы Баш мыйзам жазылып жатат. Ага ылайык, авторитардык башкаруу күч алат. Бул түшүнгөн адамга өтө коркунучтуу нерсе.

- Азыркы Баш мыйзам менен өлкөнү өнүктүрүп кетүүгө болбойбу? Анда эмне тоскоолдуктар бар?

- Азыркы Баш мыйзамда деле президенттин эбегейсиз бийлиги бар. Бардык күч президенттин колунда. Анын негизинде деле реформаларды, өнүгүүлөрдү жасаса болот. Мындан улам, Конституцияны өзгөртүү эмнеге байланыштуу экени түшүнүксүз болууда.

- Омбудсмен Токон Мамытов конституциялык өзгөртүүлөр боюнча Венеция комиссиясына кайрылды. Комиссиянын таасири кандай болушу ыктымал?

- Омбудсмендин кайрылуу жазганы абдан кубанарлык болду. Венеция комиссиясы эл аралык, бейтарап уюм болгону үчүн башка донорлорго, дүйнөлүк коомчулукка сунуш берүүчү күчкө ээ.

Кийин кабыл алынган Конституция жөнүндө маселелер жаралса, комиссиянын берген сунушу менен өлкөнүн эл аралык алакасында тоскоолдуктар пайда болушу толук мүмкүн.

Булак: "Азия News" гезити

 

Последние новости