www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар тарабынан бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлдү.

Мисалга алсак, депутат Бакирдин Субанбеков Жайыл районуна караштуу Суусамыр айыл аймагындагы көйгөйгө токтолуп:"Табияты катаал аймакта жалгыз Маданият үйүнүн курулушу башталган. Бирок, азыркыга чейин иш бүтпөй турат. Мындан тышкары, спорт менен машыгуучу жайлары да жок. Өкмөт бул маселени өз көзөмөлүнө алышы керек",- деди.   

Ал эми депутат Төрөбай Зулпукаров интернеттеги социалдык тармактарда жана маалымат каражаттарында адамдардын аброюна шек келтирген жалган маалыматтар жарыяланып жатканын мисал келтирип, абалды жөнгө салуу керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде депутат Рада Туманбаева шайлоодогу Форма-2 маселесин көтөрүп: "Кыргызстандагы шайлоочулардын саны 3 315 000ге жетет.  Бирок, бизде ички миграциянын агымы жогору. Бишкек шаарына жакын аймактардагы дачаларда жашагандар көп. Алар кантип шайлоого катышат. Андыктан, бул жаатта алгылыктуу кадамдар жасалып, маселени чечишибиз зарыл", - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости