www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 3-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Өкмөт тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Суу жөнүндө”, “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамдарга, Суу кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралардын алкагында кабыл алынган тармактык ченемдик укуктук актыларын Жазык кодексине, Жоруктар кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине шайкеш келтирүү максатында иштелип чыкканын билдирди.

Талкуу маалында депутат Кожобек Рыспаев унаа жуучу жайлардан чыккан саркынды суулар борбордук канализацияга же өздөрү казып алган кудуктарга куюлуп жатканына токтолуп, Өкмөттү бул жаатта мыйзам бузгандарга чара көрүүгө чакырды.

Ал эми депутат Замирбек Эсенаманов каналдардын, арыктардын жоктугунан көптөгөн жерлер суу астында калып жатканын белгилеп, буга ким жооп берет деп суроо салды. Өз кезегинде Тилек Токтогазиев баштаган Өкмөт өкүлдөрү көйгөйгө тиешелүү иштер жасалат деп жооп беришти. Эсенаманов: "Кандай чара колдонуларын конкреттүү жооп бербейсиңерби?" - деп өзүнүкүн бербей кайра суроо салганда, Токтогазиев: "Жазуу түрүндө жооп берилет",- деп тим болду. 

Талкуу жана тартышуулардан соң мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости