www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониялык ханбийке Мако өзүнүн мурдагы курсташы Кей Комуро менен расмий никеге турду. Бул тууралуу орусиялык "Газета" басылмасы Япониянын NHK телеканалына шилтеме берип жазат. Отуз жаштагы Мако Япониянын императору Нарухитонун жээни.

Документтерди Токионун Шибуя райондук муниципалитетине жубайлардын атынан императордук сарайдын башкармалыгынын өкүлү берген. Императордун сарайынын үй китебинде ханбийке расмий түрдө күйөөсүнүн фамилиясын алып, монархтык тизмеден чыгарылганы жазылат.

Үлпөт тоюнан кийин кыз мурда жашаган жеринен кеткен. Японияда эреже боюнча императордун үй-бүлөсүндөгү кыздар жөнөкөй адамга турмушка чыкса хандык бийликтен баш тартышы керек. Мако менен Кейдин бул чечими көп талкуу жараткан. Экөө 2018-жылы эле үйлөнүшү керек болчу, бирок күйөө баланын акчасы тартыштыгынан той кийинкиге калтырылган.

Мако салтка айланган 1,35 миллион долларлык нике белегин алуудан да баш тартып, АКШга көчүп кетээри күтүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости