www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик департаментти жекшемби күнү болуп өткөн Өзбекстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча билдирүү таратты. Анда Өзбекстандын элинин добуш берүү укугун АКШ колдой турганы айтылып, анын тынч жана шайлоочулардын жогорку деңгээлдеги катышуусунда өткөнү белгиленет.
Вашингтон ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча бюросунун шайлоого байкоо жүргүзгөн миссиясынын камтамачылыгын тең бөлүшө турганы да айтылат. Буга чейин ал бюронун миссиясы Өзбекстандагы президенттик шайлоо чыныгы атаандаштыгы жок өтүп жатканын сынга алган.
АКШнын мамлекеттик департаменти Өзбекстан өкмөтүнүн ЕККУ менен кызматташканын кубаттап, шайлоодо жарандардын саясий жана жарандык укуктарын камсыздоо боюнча сунуштарды эске алууга чакырды.
24-октябрдагы шайлоодо президент Шавкат Мирзиеев 80% добуш менен утуп чыккан.
Булак: NazarNews.kg