www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» боюнча Бабанов же Сариев сымал бир топ саясатчылар жооп берип жатат. Бабанов дегенде ичкен ашын жерге койгон Апас Жумагуловго караганда бул жерде Бабанов акула эле, ал эми киттери - дал ошол Аскар Акаев, Апас Жумагулов, Турсунбек Чыңгышов. Ушул кенде бармагын жалап канадалыктарга карматкандар дал ошолор. «Центерра» биз менен соттошобуз деп турганда болсо Орусиянын көзү бизге түшүп турат.

Бизге 30 жыл үстөмдүк кылып келген либерализмдин түп тутаар башкы максаты – улуттук мамлекеттин маанисин бара бара ылдыйлатуу. Адамзат бир гана гегемонго АКШ баштаган «алтын миллиардын» бир ууч өлкөлөрүнө баш ийиши тийиш.

Кыргызстандын өткөн 30 жылдык тагдыры буга күбө. Ушул жылдарда мамлекеттик менчик эле эмес, улуттук мамлекет өзү да олигархиялык-бюрократиялык бийликтин менчигине айланып калган. Өлкөдө жаңы Конституциянын негизинде президенттик башкаруунун орношу улуттук мамлекетти кайра өз ордуна алып келди. Анын бирден-бир ыйык милдети – өзүн тузактап турган либералдык коомдук-саясий формациядан арылышы керек эле. Бул процесс коррупцияга каршы күрөш аркылуу башталып, азыр, сөздүн позитивдүү маанисинде, социалдык революцияга айланып бара жатат. Бул процесс биздин саясий турмушубуздагы фундаменталдуу жаңылык.

Эми ишти аягына чыгаруу керек. Алып айтсак, налог салуунун прогрессивдүү системасы, ашкере бардарчылыкка жана капиталды тышка чыгарып кеткендерге закондуу талап коюлуу зарыл. Чет өлкөлөрдө курулган жана сатып алынган кыймылсыз мүлктүн, офшордо иштеген компаниялардын жана ошол өлкөлөрдө мурда катылган акчалардын, дүнүйө-мүлктүн бети ачыла элек. Мунун негизги себептеринин бири – ушул маселелерди козгоп, ишке киргизүүчү жерлерде дагы эле ошол байлыктардын ээлери отурат.

Мамлекетибиз дагы бир теңдешсиз оор күрөш баштады - «Кумтөр» алтын кен ишканасына өз алдынча башкаруу киргизди. Батыштын глобализми өз пайдасына, чет жакалардагы майда-чүйдө өлкөлөрдөн, материалдык жана финансы ресурстарын ар кандай жолдор менен алып чыгып кетүүнү азыр «үчүнчү колониализм» деп атайт экен.

Орусиялык миллиардер, банкир, Мамлекеттик думанын экс-депутаты жана медиамагнат Александр Лебедев Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенине келип кеткен. Ал Instagram баракчасына кендин негизги карьеринен тартылган видеону жарыялап, деңиз деңгээлинен төрт миң метрден ашык бийиктикте жайгашкан кен 25 жылдан бери иштетилип, 1 чакырым тереңдикке чейин казылганын жазды. Ошондой эле, бул жылдар аралыгында 12 миллиард доллардай каражат табылганын кошумчалады.

КГБнын мурдагы кызматкери Лебедев: «25 жылда Кумтөр алтын кенин казып алуудан 12 млрд доллар киреше түшсө, ошонун бир нече миллиону гана Кыргызстанга тийген» - деп жазды. Ошентип, Кыргызстан бир эле учурда, либералдык демократиянын тышкы да, ички да «каракчылыгына» каршы элдешсиз күрөшкө аттанды. Мамлекеттин өлүмү же өмүрү менен өлчөнүүчү күрөшкө десек да болот. «Кумтөр» боюнча эл аралык арбитраждык соттордо чоң салгылашуулар күтүлүүдө.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Лебедев Кумтөргө келгенин ырастап, анын максатын мындайча түшүндүрдү: “Алар Кумтөрдө мөңгүлөрдү көрдү. Мен Давыдов, Лысый мөңгүлөрү мурда кандай эле, азыр кандай болуп калганын көрсөтүп бердим. Бизде 1995-1998-2008-жылдары мөңгүлөр кандай болгону тууралуу архивдик материалдар бар. Аларды документалдуу түрдө көрсөттүм. Комиссиялардын отчетторун айттым. Ал өзү да тартып алды. Биз да тарттык”.

Лебедевдин кенге келишинде чоң кызыкчылык жатат. Канадалыктар менен Кыргызстан иштеше албай калган соң, бул кенге финансылык жардам берип Кыргызстанды колдон чыгарбоо - Орусиянын көздөгөнү. Бирок алар Путиндин уруксатысыз Кумтөргө жолоп да коймок эмес. Орусиянын кызыкчылыгы «Кумтөрдө» гана эмес, ага жакын жайгашкан кендерде да болушу мүмкүн. 

“Кумтөр голд” компаниясын убактылуу тыштан башкарып жаткан Теңиз Бөлтүрүк ишканадан түшкөн кирешеге Кыргызстандагы башка кендерди да ачуу пландалып жатканын айтты. Анын ичинде Нарындагы Жетим-Тоо темир кени да бар. “Кумтөр кенинин жанында 30 чакырым аралыкта Тоголок деген алтын кен бар. Анда бери дегенде эле 100 тоннага чейин алтын бар. Кенди чалгындаса, ага да кошулат. Андан тышкары, Таластагы Андаш, Талды-Булак, Нарында Жетим-Тоо темир кени турат. Бала-Чычкан деген да өтө чоң кен бар. Бөлтүрүк - чет мамлекеттен команда алып келип, бул жактагы жакшы балдарды чогултуп, ошолорду жүргүзөлү деп жатат.

2021-жылы 12-майда Кумтөр кенинин ишмердигин иликтеген мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Акылбек Жапаров канадалык компания Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экенин айткан. “Центерра” мындай дооматтарды четке кагып келүүдө.

Садыр Жапаров былтыр премьер-министр болуп турганда Жетим-Тоодо 50 миллиард тоннадай темир бар экенин айтып, аны иштетүү ниетин билдирген. Ушундан улам Жетим-Тоону коргоо кыймылы түзүлүп, кенди иштетүүгө алар каршы чыккан.

Кыргызстан “Центерра голд" менен бир пикирге келмейинче, сырттан башкаруу улана берет. Мунасага келсе, андан ары да Кыргызстандын пландары бар. Жогорку Кеңештин 17-майдагы чечими менен “Кумтөр голд” ишканасына үч айга убактылуу сырттан башкаруу киргизилген. Мындай сунушту парламентке Кумтөр алтын кенинин ишмердигин иликтеге мамлекеттик комиссия берген. Зарыл болсо компанияны тыштан башкаруу дагы үч айга узартылат.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң чоң алтын кен. Аны канадалык "Центерра голд" компаниясы иштетет, Кыргызстандын кендеги үлүшү 26% түзөт. Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүктү териштирип жаткан мамлекеттик комиссия “Центерра” компаниясынын 2011-жылы Кыргызстанга бөлгөн демөөрчүлүк акчасын президенттик шайлоого пайдаланып кеткенин изилдеген. Анын айтымында, тийиштүү документтерге ошол кезде премьер-министр болуп турган, кийин шайлоодо президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаев кол койгон:

“Сентябрда шайлоо болуп жаткан учурда “Центерра” “РСК-банкка” 10 миллион доллар которгон экен, демөөрчүлүк жардам катары. Капиталдык салымды ошол кезде каржы министри бекитчү экен, бирок премьер-министр өзү бекитип, акчанын баарын шайлоого түштүккө мектептерге которгон экен”. Жапаров “Мурункуларга Башкы прокуратура баасын берсин” деп белгилеп, расмий маалымат алуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына кат жөнөтүлгөнүн айтты. Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев азыр абакта отурат.

Жапаров Centerra Gold компаниясы учурдагы Салык кодексинин негизинде салык төлөшү керек деп эсептейт. Анын айтымында, жаңы келишим ратификацияланып жатканда компанияга өзгөчө режим берилген. "Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold ортосундагы жаңы шарттар тууралуу, кайра каралып чыккан инвестициялык келишимди, кайра каралып чыккан концессиялык келишимди жана башка макулдашууларды жокко чыгаруу боюнча демилге көтөрүүнү сунуштайбыз", — деген ал.

"Кумтөрдүн" ишмердүүлүгүн текшерүүдөн чыккан чуу мындай. 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту "Кумтөр голд компанини" экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Кумтөр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишим бузулуп жатканын айтып чыккан.

11-май күнү компаниянын президенти Деон Баденхорст, финансы боюнча директору Саймон Тан жана Жеткирүү системасы боюнча башкармалыктын директору Арипин Буман кенде болгон эки кырсык боюнча күбө катары суракка чакырылганы белгилүү болгон. Анткен менен, УКМКнын маалыматы боюнча, "Кумтөр голд компанинин" жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен. Бүгүн мамлекеттик комиссия текшерүүсүнүн алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Кыргызстан ишкананын болжол менен төрттөн бир бөлүгүнө ээлик кылат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Стратегиялык келишимдин шарттарын өзгөртүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө чечим кабыл алган. 12-майда Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн текшерген мамлекеттик комиссиянын жыйыны өттү. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, тоо-кен тармагы боюнча адистер менен эксперттер, Кумтөр кенин иштеткен «Центерра голд» компаниясынын өкүлдөрү катышты.

Ошол учурда Салык кызматы жана Социалдык фонддун текшерүүлөрүнөн кийин «Кумтөр голд компаниге» салык жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча төлөмдөрдүн төлөбөгөнүнө байланыштуу 10,2 млрд сомдон ашык акча эсептелген. Бул жагдай талаш-тартыштын эмес, тескерисинче, өкмөт менен «Центерра» өкүлдөрүнүн ортосундагы соодалашуунун предмети болуп, сүйлөшүүлөрдүн мөөнөтүн узартууга алып келген.

Сүйлөшүү процессинин негизги адамдары болуп «Центерранын» директорлор кеңешинин мүчөсү Өскөмбаев менен өкмөт аппаратынын мурдагы жетекчиси Мукамбетов саналат. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 2016-жылдан 2018-жылга чейинки жалпы суммасы 149 млн доллар түзгөн кошумча эсептелген салык жана камсыздандыруу төлөмдөрүн өндүрүүнүн ордуна 2019-жылы 7-августта бир тараптуу милдеттенмеге кол коюлуп, ал боюнча Социалдык өнөктөштүк фонду түзүлүп, жыл сайын Жаратылышты өнүктүрүү фондуна берилүүчү акчанын көлөмү 2,7 млн доллардан 3,7 млн долларга көбөйгөн.

Жыйынтыгында коомдук фонддорго 88,8 млн доллар алынган. 2019-жылы 7-августта кол коюлган бир тараптуу милдеттенменин кесепетинен кыргыз тараптын чыгымы 60,2 млн долларга жеткен. Салыктары, камсыздандыруу төлөмдөрү эсептелип, айып пулдар салынган.

Бирок өкмөт бул компания менен ар кандай соодалашууга барып, дайыма биздин бюджеттин кызыкчылыгы төмөндөп келген. 2013-жылдан 2020-жылга чейин өкмөт тарабынан кабыл алынган чечимдердин кесепетинен Кыргызстандын болжолдуу жоготуусу 438 млн сом же 37 млрд 142 млн сомду түзгөн. Бул акча сүйлөшүүлөргө катышып, өлкөнүн кызыкчылыгын эске албай, жогорудагы келишимдерге кол койгон адамдардын эсебинен калыбына келтирилиши керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости