www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус инфекциясына байланыштуу үч айлык божомолун жаңылады. Оптимисттик сценарий боюнча ноябрь айында күнүнө орто эсеп менен 1,5 миң бейтап катталат, реалдуу сценарий боюнча 1650, пессимисттик эсеп боюнча 1800 киши коронавируска чалдыгышы мүмкүн. Декабрь айында көрсөткүчтөр 1100, 1600 жана 2350гө чейин өзгөрүшү ыктымал. Январда болсо 650, 1500 жана 3000 бейтап катталышы болжолдонууда.

Соңку күндөрү өлкөдө бир суткада илдет жуктурган 1300-1500 учур катталууда. Июль-август айларында 7000ден ашуун киши коронавирус жуктуруп алып жаткан. Азыр коронавируска кабылгандар азайганы менен, өлүм көрсөткүчү али да жогору. Бир күндө ондогон киши кайтыш болууда. Эки күн мурун Казакстанда коронавирус жана пневмониядан 42 адам көз жумган.

Казакстанда пандемия башталгандан бери коронавирус жана пневмонияга кабылган адамдардын саны бир миллиондон ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости