www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттигине Ибрагим Жунусов Путин 40тан ашуун мамлекеттер менен Украинанын талаасында тынчтык үчүн согуш алып барып жатат деген оюн айтты.

—Путиндин бир гана Орто Азияда эмес, дүйнө жүзүндө мыкты саясатчы, күчтүү лидер деген өзгөчө орду бар. Азыр айтылбаса да, мезгили келгенде айтылат...Бүгүнкү күндө Путиндин аброю түшүп кетти, агрессор болуп калды дешет. Бирок, мен андай пикирлерге кошулбайм. Анткени, Путин Украина менен согушуп жаткан жок. Кеминде 40тан ашуун мамлекеттер менен Украинанын талаасында тынчтык үчүн согуш алып барып жатат. Себеби, Путин Россиянын эртеңин ойлоп аргасыз ушул кадамга барууда. Анын түпкү максатын түшүнбөгөн россиялыктар батышчылдардын пикирине алданып, Путинди жамандап жатышат. Чынында россиялыктардын пикирин өзгөртүү үчүн батышчылдар ар тараптан аракет кылышууда.

Ошондой болсо да, биз Россия менен жакшы мамиледе болушубуз керек. Тагыраагы, союздан бөлүнүп, чыккан 15 мамлекеттин 90 пайызы Россия менен мамилесин түздөбөсө, иши жакшы болбойт. Иши жакшы болбойт десе эле, ар бир кадрды акылдашып чечүү эмес, керектүү жерде бирдикте иш алып баруу керек. Ошондой эле Россия менен катар Кытай, Түркия, Өзбекстан, Казакстан менен да мамилени бекемдеп, күчтүү мамлекет кылууга аракет жасашыбыз зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости