www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ибрагим Жунусов: «Ширшовду эч ким актай албайт»

«Ширшовдун өзүнө да, анын системасын жайылткандарга да чара көрүлүшү керек», - деди бүгүн, 3-июнда NazarNews маалымат агенттигине мурдагы элчи Ибрагим Жунусов.

- Ибрагим агай, Ширшовдун үй камагындагы мөөнөтү эки айга узарган экен. Президент да Ширшов менен система түзүп иштегендердин баары камалат дептир. Ынансак болобу?

- Ким эмне дебесин, Ширшовду эч ким актай албайт. Ал чоң ууру. Ошон үчүн анын өзүнө да, анын системасын жайылткандарга да чара көрүлүшү керек.

Белгилей кетсек, 30-майда президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттиги менен болгон маегинде өлкөдөгү төрт ири ишкана эмне себептен Санариптик өнүгүү министрлигине өткөрүлгөнүн түшүндүрүп, «Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматты алып жатамбы, демек, кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек», -деп билдирген.

Эске салсак, 10-майда УКМК «Дастан» заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу борборунан кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарган коррупциялык схеманын негизги уюштуруучуларынын бири катары шектелип Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кармалганын билдирген. Биринчи Май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости