www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда өндүрүлгөн алкоголдук продукциялардын жана чылымдын аталыштарына “Манас” эпосундагы каармандардын - Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин аттарын коюуга тыюу салуу демилгеси көтөрүлдү. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов жазып талкууга коюлду.

Алкоголдук ичимдиктер, тамеки адамдар арасында таптакыр башка баалуулуктарды жайылта турганы көрсөтүлгөн. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, аны бузган жеке адамдарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 100 миң сом айып пул салуу сунушу берилди.

Кыргызстанда өлкөнүн, борбор калаа Бишкектин атынан аталган, “Манас” эпосундагы каармандардын ысымы менен чыккан спирттик ичимдиктер бар.“Манас” эпосу “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” үчилтигинен турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости