www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын медицина кызматынын ак халатчандарына дагы чоң ыраазычылык билдиребиз. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

"Аталган кызматтын дарыгерлери Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында жайгашкан бардык укук коргоо органдарынын саламаттыгына кам көрүшүп, алдын алуу иш чараларын жүргүзүп келишет.

Дарыгер-кызматкерлер Айгүль Кожошева менен Руфина Матажиева Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлеринин саламаттыгын текшерүү, коркунучтуу илдеттердин алдын алуу боюнча республика аймагына карантиндик абал киргизилген күндөн тартып кызмат өтөшүп келүүдө. Алар кызматка келген кызматкерлердин арасында жеке коопсуздук боюнча түшүндүрүү иш чараларын жүргүзүшөт, кан басымдарын, дене табын текшеришет. Керек учурда тез жардам көрсөтүүгө даяр турушат.

Ак кызматыңыздар үчүн алкыш айтып, Сиздерге дагы бекем ден соолук каалайбыз, урматтуу ак халатчан аскер дарыгерлери!", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости