www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан Кыргызстандан барган жүк ташуучу унааларды кармап, өткөрбөй жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жүк ташуучу айдоочулардын көз карандысыз профсоюзунун төрагасынын орун басары Игорь Голубев билдирди.
Анын айтымында, айрым унаалар үч жумдан бери Казакстандын аймагынан чыга албай турат. Алар негизинен текстиль буюмдарын алып баратат. Көбүнчө мектеп формалары, алар сезондук жана сатыкка чыгып калышы керек болчу. Бирок Казакстандын көзөмөлдөөчү органдарынын айынан жеткирүү мөөнөтү бузулган.
"Кармоо учурунда ташуучуларга документтер берилбейт. Кармоо же документтерди алып коюу тууралуу актылар жок. Казак тарап ар кандай шылтоолор менен жүк ташуучу унааларды өз аймагынан чыгарбоо чараларын көрүүдө", – деди Игорь Голубев.
Ал мындай кадамдардын себептерин түшүндүрүү өтүнүчү менен казак тарапка кат жөнөткөнүн, бирок алардан жооп болбогонун билдирди.
"Ташылып жаткан коммерциялык жүктүн электрондук эсеп-фактурасы болсо, унаанын өтүшүнө тоскоолдук болбойт деп убада беришкен. Бирок келишимдер сакталбай жатат. Мындай жагдайдан улам Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Дүйнөлүк соода уюмун сотуна кайрылалы деп жатабыз. Азыр кеңешип, керектүү документтерди даярдап жатабыз," – деп кошумчалады Игорь Голубев.
Эске салсак, маал-маал Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрүү бекеттеринде жүк ташыган автоунаалардын кезеги байкалып турат.
Айдоочулар казак тарап ар кандай себептерди шылтоо кылып, негизсиз кармап жатканын айтып келишет.
Чек арадагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны бир канча жолу катталып, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өткөн.
Булак: NazarNews.kg