www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азырынча АКШнын Мамлекеттик департаментинен аскерий жардамды Тажикстан гана алган. Бул тууралуу Бишкекте “Ой Ордо” эксперттик демилгелер борбору уюштурган «Астана саммиттеринин жыйынтыгы. Кыргызстандын интеграциялык процесстердеги ролу» аталышындагы тегерек столдо саясат таануучу Игорь Шестаков билдирди.
«Астанада өткөн мамлекеттер аралык саммиттер биздин аймактын өлкөлөрүнүн убакыт сынынан өткөн тышкы саясий өнөктөштөрү жана Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүүсүн жактаган эл аралык уюмдар менен кызматташуусунун факторлорун жана векторлорун көрсөттү. Казакстан Республикасынын борборунда “Борбордук Азия – Россия” форматында жолугушуу болуп, чек араны жөнгө салуу боюнча Кыргызстан, Россия жана Тажикстан президенттеринин катышуусунда үч тараптуу сүйлөшүүлөр болгону бекеринен эмес. Буга чейин Коргоо министр Бакытбек Бекболотов ЖККУнун жардамы аркасында Тажикстан менен чек арадагы кырдаалды жөнгө салуу маселелерин кароого болорун айтты. Биз Казакстандагы январь айында болгон кайгылуу окуяларды талкуулап жатып, дал ошол ЖККУнун жардамы менен Казакстандагы кырдаалды турукташтырууга жетиштик деп айтканыбыз символикалуу. Биздин чөлкөмдө геосаясий жактан эң чыңалган өлкөлөрдүн бирине айланган үстүбүздөгү жылдын ичинде бул уюмга альтернатива чыга элек.
Мындан бир жыл мурун эле ММКларда жана эксперттер арасында өзгөчө Тажикстан менен болгон чек арадагы кагылышуулардан кийин Түркия жана анын “Туран” аскердик долбоору аймактагы коопсуздук боюнча милдеттенмелерди өзүнө ала алат деген активдүү сөздөр болгон. Бирок бул тема андан ары жылган жок. Өзүн тышкы саясаттагы негизги өнөктөш катары көрсөткөн Анкара реалдуу турмушта көбүнчө Батыштын геосаясий аракеттерин көчүрүп алууда. Натыйжада, түрк тарап өзүнүн аймактык позицияларын бекемдөө үчүн өнөктөштүк жана милдеттенмелерди четке кагууга даяр, бирок мунун реалдуу көйгөйлөрдү чечүү менен эч кандай байланышы жок.
Америкалык аскерлердин Баткен облусуна болгон сапары кыргыз тарапка жардам берүү мүмкүнчүлүгүнө караганда кырдаалга көз салууга милдеттендирилгендей көрүнөт. Азырынча АКШнын Мамлекеттик департаментинен аскерий жардамды Тажикстан гана алган. Ушул жана башка жагдайларды эске алуу менен биздин республиканын жетекчилиги чек араны жөнгө салуу маселелерин ЖККУ жана Москва менен тыгыз кызматташуу менен байланыштырат, анткени алар аймактык коопсуздукту колдоонун реалдуу үлгүлөрү болуп саналат», - деп белгиледи Игорь Шестаков.
Булак: NazarNews.kg