www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Максим Горький атындагы сейил бакта “Ихсан Групп ЛТД” кооперативинен жабыркагандардын митинги өтүүдө.

20га жакын адам мамлекет башчыдан салынган акчаны кайтарып берүүгө көмөктөшүүнү жана маселени жеке көзөмөлүнө алууну суранышууда.

Эскерте кетсек, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай курулуш кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата «Алдамчылык» жана «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренелери боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Компаниянын жетекчиси Акинай Бекмурзаева июль айында кармалып, СИЗОго камалган. 13-июлда ага ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу боюнча айып тагылган. 

Жарандарга келтирилген жалпы материалдык чыгым 114 миллион 615 миң 793 сомду түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости