www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ихсан Групп ЛТД» кооперативинин директорлор кеңешинин төрагасы кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин башкармалыгына жана уюштуруучуларына карата 209-берене (алдамчылык), 210-берене (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
2022-жылдын март айынын башынан бери республиканын бардык аймактарынан “Ихсан Групп ЛТД” кооперативине кирген жарандардан көптөгөн кайрылуулар келип түшкөн.
Кыргызстандыктар түзүлгөн келишимдердин негизинде 4% жана 7% өлчөмүндө кирүү акысын, ошондой эле сатып алынуучу мүлктүн наркынын 25%, 35% жана 50% баштапкы төлөмдөрдү төлөшкөн. Кооперативдин мүчөлөрү ушул күнгө чейин турак-жай же автоунаа ала элек. Мүчөлүктөн баш тарткан жарандар өз акчасын кайтара албай келишет.
Келтирилген зыяндын суммасы 121 313 950 сомду түзүп, «Ихсан Групп ЛТД» коммерциялык эмес турак жай-курулуш кооперативинин жетекчилиги тарабынан төлөнгөн эмес.
Ошентип, 11-июль күнү кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган Б.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылган. Учурда бул иш боюнча тергөө иштери уланууда.
«Урматтуу кыргызстандыктар, сиздерден «Ихсан Групп ЛТД» кооперативине кирбөөнү суранабыз. Финансы пирамидасынын белгилери байкалып, салынган каражаттар кайтарылбай калышы мүмкүн. Сак болгула», - деп айтылат билдирүүдө.
Булак: NazarNews.kg