www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ихсан" турак жай кооперативине акча салып, үй ала албай калганын айткан жарандар 19-мартта Бишкекте чогулуп, бийликке кайрылды. Алар сот камакка алган эсептен акча каражаты чыгарылып жатканын билдирип чыгышты.

Негизинен кооперативдин жетекчилиги боюнча соттун чечими чыккандан кийин сот аткаруучулар эсептен 17 миллион сомдон ашык акчаны чыгарып кеткенин айтышты.

“Биз бул маалыматты “Бакай банктан” алып келдик. Ал жерде “Ихсан” боюнча жарандык арыз менен каралган иштеги соттун чечимине таянып, сот аткаруучу 17 миллион 555 миң акчаны эсептен чыгарып кетиптир. Биздики кылмыш иши катары каралып, райондук соттун чечимине каршы соттолгон тарап аппеляциялык арыз жазганы үчүн чечим аткарылбай турат. Ал баарыбыздын жалпы акчабыз”, - деди кооперативдин үлүшчүсү Гүлнара Акылбек кызы.

Кооперативдин Бишкек шаарындагы кеңсесине келген жарандар камакка алынган эсептердеги акча каражатын чыгарууга жол бербөөнү, “Ихсандын” тегерегиндеги көйгөйгө көңүл бурууну талап кылышты.

Камакка алынган эсептерден акча чыгарылган деген дооматтарга тиешелүү мекемелер жооп бере элек.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 16-февралда “Ихсан Групп ЛТД” коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчилеринин иши боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, кооперативдин башчысы Акинай Бекмурзаеваны 12 жылга эркинен ажыратып, аны жабырлануучулардын чыгымдарын төлөп берүүгө милдеттендирген. Кооперативдин дагы бир кызматкери Эрмат Абылкасымов 11 жылга кесилип, сот залынан камакка алынган.

“Ихсан” кооперативине турак жай алуу үчүн акча салып, кийин мүлк да ала албай, каражатын да кайтара албай калган жүздөгөн жарандар 2022-жылдын жазында Бишкекте жана Ошто митингге чыгышкан. Ошол маалда ИИМ билдирүү таратып кооперативге 2021-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатканын маалымдаган. Кийин ишке аталган кодекстин 210-беренеси – “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” айыбы кошулган.

2022-жылдын июлунда "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева камалып, камакка алынган. Кооперативдин жооптуу кызматкери А.О.Т аттуу жаранга ошол эле жылдын ноябрында издөө жарыяланган. Декабрда Бекмурзаевага жана А.Э.К. аттуу дагы бир кызматкерге айыбы угузулуп, Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Иш андан ары сотко өткөн.

"Ихсандын" Бишкектеги кеңсесине 400дөн ашык факты боюнча арыз түшүп, жабырлануучуларга келтирилген чыгым 425 миллион сом деп эсептелген. Кооперативдин Оштогу кеңсесине 330 факты боюнча кылмыш иши козголуп, 276 миллион сомдон ашык материалдык чыгым келтирилгени аныкталган. Жалпы чыгым 701 миллион сомдон ашкан.

Быйыл январда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш ишин иликтөөнү улантып жатканын билдирген. Милиция кооператив ушул маалда да иштеп жатканын, "себеби турак жай алган жарандар бүгүнкү күнгө чейин кооперативдин банктык эсебине акча төлөп жатканын" билдирген.

Ошол эле маалда анын банктык эсептери камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости