www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-18-майдагы тополоңдон кийин чыгып кеткен чет элдик жарандар Кыргызстанга кайтып келишүүдө. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев «Ишеним» фракциясынын жыйынында билдирди.

Анын маалыматында, акыркы 3 күн ичинде Кыргызстанга Пакистандан 388, Бангладештен 71, Индиядан 13 чет элдик жаран келди. «Алар окуу жана жумушун улантууда», — деп толуктады Нурбек Абдиев.

Ал пакистандыктардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн себептерин дагы атады.

«Алардын окуу мөөнөтү бүтүп, жайкы эс алууга чыгышты. Ошого чыгып кетип жатышат. Андан тышкары, Пакистандын өкмөтү бекер учак менен алып кетип жатат», — деди министрдин орун басары.

Белгилей кетсек, Пакистан Кыргызстандагы жарандарын 8ге жакын атайын учак менен алып кетти. Элчиликтин маалыматында, бүгүн дагы бир каттам болот.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлиги Бишкекте 17-18-майда болгон тополоңдун негизинде массалык башаламандык беренеси менен иш козгон, ага катышкандарды аныктоо жана кармоо иштерин жүргүзүүдө.

Тополоңдо 15 киши жабыркаган. Кыргыз өкмөтү чет элдик студенттердин чыгымдарын төлөп берерин убадалаган.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости