www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ чет өлкөлүк жарандарга эскертүү берди

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы чет өлкөлүк жарандардын арасында алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чараларын өткөрдү.

ИИМдин маалыматына ылайык, иш-чаранын негизги максаты өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту камсыз кылуу, улуттар аралык ынтымакты чыңдоо, чет өлкөлүк жарандар менен жергиликтүү калктын ортосундагы мүмкүн болгон чыр-чатактардын алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча маалымат берүү болду.

Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучуларга өлкөнүн мыйзамдарын сактоо, коомдук тартипти бузбоо, миграциялык мыйзамдардын талаптарын аткаруу жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Ошондой эле мыйзамды сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ар бир адамдын милдети экени белгиленди.

Мындан тышкары, алдамчылык фактыларынын алдын алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Милиция кызматкерлери акча которуулар, ортомчулук кызматтары, жумушка орноштуруу, мүлк сатып алуу жана башка финансылык операцияларга байланышкан алдамчылык схемалары тууралуу эскертип, жарандарды маалыматтын аныктыгын кылдат текшерүүгө, шектүү сунуштарга ишенбөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге туш болгон учурда дароо ички иштер органдарына кайрылууга чакырышты.

ИИМ мындай түшүндүрүү иш-чаралары мыйзамдардын так сакталышына, коомдук коопсуздукту чыңдоого жана жарандыгына карабастан ар бир адамдын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталганын белгиледи.

Последние новости