www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ эл аралык издөөдө жүргөн эки жаранды кармады

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Интерпол линиясы аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык эки жаранды кармады.

Ведомстводон билдиришкендей, Таиланддын Борбордук тергөө бюросу (CIB) Пхукеттин иммиграциялык полициясы менен биргеликте эл аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжасында өзгөчө оор кылмыш жасаган деп шектелип, Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары 2000-жылы туулган Р.А. жана Н.А. аттуулар кармалышты. 

Буга чейин, 2026-жылдын апрель айында ички иштер органдарына 1963-жылы туулган Ж.Ч. аттуу чет элдик жарандын дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Кийинчерээк эркек кишинин жансыз денеси Аламүдүн районунун Арчалы айылындагы токойдон табылган. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. 

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка тиешеси бар адамдардын тобу кармалган. Ошол эле учурда, дагы эки шектүү жаран Р.А. жана Н.А. өлкөдөн жашыруун чыгып кетип, Пхукетке (Таиланд Королдугу) барышкан, ал жерде эки мамлекеттин укук коргоо органдарынын координацияланган ишинин аркасында жүргөн жерлери аныкталып, кармалышкан.

Эл аралык кызматташтыктын натыйжалуу дагы бир мисалы катары Бишкек шаарында Түркия Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 81/1, 29, 53, 63-беренелери (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн чет мамлекеттин 1998-жылы туулган А.Х. аттуу жаранынын кармалышы болду. 

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2018-жылы Балыкесир провинциясынын Айвалык районундагы барлардын биринде шектүү менен жабырлануучунун ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган, анын жүрүшүндө А.Х. эркек кишиге бычак менен жаракат келтирген, анын кесепетинен жабырлануучу каза болгон. 

Издөөдө жүргөн адам кармалгандан кийин Бишкек шаарынын Ленин райондук Ички иштер башкармалыгына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн тергөө органдарына өткөрүлүп берилген. 

 

Последние новости