www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин 7706 аскер бөлүгүнүн командири, полковник Тилек Момбеков жаңы кызматка дайындалганына байланыштуу аскердик салтка ылайык салтанаттуу узатуу аземи өткөрүлдү.
Полковник Тилек Момбеков 7706 аскер бөлүгүн жетектеген мезгилде күжүрмөн даярдыкты чыңдоого, кызматтык тартипти бекемдөөгө, мыйзамдуулукту сактоого, ошондой эле аскер бөлүгүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө жана өздүк курамдын социалдык шарттарын жакшыртууга олуттуу салым кошкону белгиленди.
Салтанаттуу иш-чарада өздүк курам ага ак ниет эмгеги, жогорку кесипкөйлүгү жана үлгүлүү жетекчилиги үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы жооптуу кызматында ийгиликтерди, бекем ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык каалады.
Белгилүү болгондой, полковник Тилек Момбеков Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчылыгынын Ыкчам уюштуруу башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Последние новости