www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте ири суммадагы акча талап кылган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, декабрь айында азиат жана европа түспөлүндөгү 25-30 жаштардагы эки белгисиз адам «БМВ-535» үлгүсүндөгү унаа менен 1991-жылы туулган С.А. аттуу жаранга жолугууга барышкан. Бул шектүүлөр өздөрүн Алтынбек жана Роман деп тааныштырган.
--«Алтынбек жабырлануучуга моралдык жана психологиялык басым көрсөтүп, физикалык күч колдонуп, 380 000 сом талап кылган. Ал К.В. аттуу адамды атаган. Бир аз убакыт мурда С.А. андан карызга акча алганы белгилүү болгон. Андан соң кылмышкерлер белгисиз тарапка кетишкен. Бирок телефон аркылуу коркутуулар уланган», – деп айтылат маалыматта.
Андан көп узабай 100 000 сом алып жаткан учурда Түп районунун 1992-жылы туулган тургуну М.А, Казакстан Республикасынын 1991-жылы туулган жараны Ц.Р шектүү катары колго түштү.
Кармалгандардын бири — грек-рим күрөшү боюнча балбан Роман Царев. Шектүүлөр камакка алынып, тергөө уланууда.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg