www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министрлиги өлкө аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды мыйзам талаптарын так сактоого чакырды.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган чет өлкөлүк жарандар мыйзамда каралган тартипте өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. ИИМ ар бир чет өлкөлүк жаран өлкөнүн мыйзамдарын, ошондой эле кыргыз элинин салт-санаасын, маданиятын жана каада-салттарын урматтоого милдеттүү экенин эскертти.
Министрлик белгилегендей, мыйзам бузуу административдик же башка жоопкерчиликке алып келип, айрым учурларда депортациялоо тууралуу чечим кабыл алынышы мүмкүн.
Ошондой эле ИИМ коомдук тартипти сактоо жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи. Өлкөдө жүргөн чет өлкөлүк жарандардан мыйзам талаптарын так аткаруу талап кылынат.
Министрлик мыйзамдарды урматтоо коомдук коопсуздуктун, тартиптин жана өз ара сый-урматтын негизги шарты экенин кошумчалады.