www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ак-Суу районунда 3,7 миллион сомдук зыян боюнча иш соттун кароосуна жиберилди. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну И.Ж. жана Түргөн айылынын 44 жаштагы тургуну Ч.А.га карата Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-3-бөлүмдөрү менен башталган (Адамдардын тобу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) сотко чейинки өндүрүш иши аяктап, райондук соттун кароосуна жиберилди.
Өткөн жылдын май айында Ак-Суу РИИБге Ак-Булак айылынын тургуну арыз менен кайрылып, 2019-жылдын ноябрь айында белгисиз аял бир эркек киши менен келип, өзүн жеке ишкер катары тааныштырып, 2 баш уюн жана жылкысын карызга алып кетип, ушул күнгө чейин акчасын бербей жатканын билдирген.
Аталган факт райондук милиция тарабынан Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары Каракол шаарынын 36 жаштагы тургуну И.Ж. жана Түргөн айылынын 44 жаштагы тургуну Ч.А. кармалган. Жүргүзүлгөн алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө күнөөсүн толугу менен мойнуна алышкан.
Ак-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында аталган шектүүлөр тарабынан жасалган дагы 31 кылмыш аныкталган. Бир жылдын аралыгында И.Ж. жана Ч.А. Ак-Суу районунун Ак-Булак, Качыбек, Кайырма-Арык айылдарынын тургундарынын ишеничине кирип, баш-аягы 27 баш ири мүйүздүү мал менен 20 баш жылкыны карызга алып, акчаларын кийин беребиз деп убада беришкен. Бирок өздөрүнө алган милдеттерин аткарбай, акчаларды мал ээлерине кайтарбай коюшкан. Жалпы материалдык зыян 3,7 миллион сомго жетет.
Азыркы учурда алдамчылык боюнча айыпталып жаткан И.Ж. менен Ч.А. үй камагында.
Булак: NazarNews.kg