www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында мал уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери мал уурулукка бөгөт коюу максатында ыкчам иш-чаралардын комплексин аткарып, жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө кылмыштуу топтун кылмыштуу аракеттери тууралуу маалыматтар алынды.

Чогултулган материалдар Бишкек шаарынын Свердлов РИИБне катталып текшерүү иштери башталган.

4-январда милиция кызматкерлеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде Нарын облусунан келген Merсedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулуп, текшерүү учурунда ичинде уурдалган эки жылкы табылды. Аталган факты боюнча Нарын облусунун Кочкор районунун аймагында жылкылар уурдалган.

Кылмышка шектүү катары кылмыш тобунун мүчөлөрү кармалды:

- 1987-жылы туулган К. А., Жалал-Абад облусунун тургуну,
- 1989-жылы туулган И. А. аттуу жаран, Нарын облусунун тургуну,
- 1990-жылы туулган А. Б., Чүй облусунун тургуну,
-1987-жылы туулган О. Б., Ысык-Көл облусунун тургуну.

Кармалган адамдар мурда бир нече жолу, анын ичинде оор кылмыштары үчүн соттолгон. Алардын бири кылмыш жоопкерчилигине 16 жолу тартылган. Учурда алардын баары Кочкор райондук ИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармалгандар Нарын, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын аймагында мал уурдоо фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Иш боюнча тергөө иштери уланууда.

Милиция жаңы жылдык майрамдарда тартип коргоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматын улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости