www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалатбек Масадыков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын орун басары болуп дайындалган. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров жаңы жылдын алдында  кол койгон. Масадыков 2024-жылдын 1-январынан тартып уюмдун башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Ушул эле күнү мамлекет башчысы Масадыковду кабыл алып, аны менен ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелерди талкуулаган. Масадыков буга чейин Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болуп иштеп келген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости