www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында опузалап талап кылууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнө аял кайрылып, чала тааныштары тарабынан опузалап талап кылуу фактысына байланыштуу чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучунун айтымында, ал 2023-жылдын май айынан бери тил каттын негизинде сатып алган жер тилкесине документ алууга аракет кылган. Бирок, жер тилкенин ээси жана бир нече башка адамдар анда болгон документтерди жана тактаманы алып коюшкан. Ошол эле учурда акча каражатын опузалап талап кылышкан.

Буга чейин алынган маалыматтар боюнча, бир нече жыл мурда жабырлануучу аял Ноокат районунун А. Мирмахмудов атындагы айыл аймагынан жер тилкесин сатып алган, бирок документтери расмий түрдө даярдалган эмес. Бул аралыкта ал салыкты төлөп жүргөн. 2023-жылы бекитилген тартипте документти каттоого аракет кылган учурда үч жаран каттоо үчүн акча каражатын талап кылышкан. Алар өздөрүнүн бул аракетин аялдын тууганы карыз деп түшүндүрүшкөн.

Ушул жылдын жазында алар кайрадан акча талап кыла башташкан. 2024-жылдын март айында чогултулган материалдардын негизинде Ноокат райондук ИИБнын Тергөө кызматы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-тергөө иш-чараларын ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ноокат РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүшкөн.

Ошентип, 5-мартта Ош шаарында 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен жаран 1977-жылы туулган Х.М. кармалды. Белгилеп кетүүчү жагдай, шектүү опузалап талап кылынып жаткан акчаны алуу үчүн өзүнүн жубайын жөнөтүп, өзү унаада отурган. Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө экөө тең кармалган. Кийинчерээк жубайы коё берилген.

Бул шектүү жаран буга чейин жабырлануучудан 360 миң сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп алып, ар бир жолу документтерин толтурууга жардам берүүнү убада кылганы белгилүү болду.

Тергөө учурунда ээси жогорудагы жер тилкесин 2023-жылдын күзүндө башка жарандарга сатканы, бирок андан кийин да алар аялдан акча талап кыла беришкени белгилүү болгон.

Кылмыш ишинин алкагында кармалган жаран М.Х. убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын шериктеринин жүргөн жерин аныктоо жана кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.

Последние новости