www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын кызматкерлеринин катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткан,  пара талап кылган, коомдун алдында милиция кызматкерлеринин аброюна шек келтирип, мыйзамды бузган кызматкерлерди тазалоого багытталган иштерин улантып жатат.  Ошондой эле, жарандардын кайрылуулары менен арыздарын кароо мамилелерине, кылмыштарды каттоону жашыруу, пара талап кылуу, оройлук сыяктуу фактыларга өзгөчө көңүл  бурууда.

16-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына Бишкек шаарынын Т.С. аттуу жашоочусу кайрылып, Бишкек шаардык Октябрь РИИБдин милиционерлери ага карата кылмыш ишин жабуу үчүн 5000 АКШ доллар суммасындагы акча каражатын талап кылып жатышкандыгын билдирген.

ИИМдин Ички  иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан  Т.С. аттуунун арызы Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу  Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмүндө (пара талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган. 2019-жылдын 23-сентябрь күнү кечинде Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинен ыкчам-иликтөө жана ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Октябрь РИИБдин криминалдык милиция кызматынын үч кызматкери, милициянын ага лейтенанттары К.Э., Т.Э., Д.Н. кармалышты.   

ИИМдин ИИКтин кызматкерлеринин жана Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКтын  тергөөчүлөрүнүн катышуусунда өздүк кароо жүргүзүлүп,  акыркысынан 1000 АКШ доллары табылып алынган. 

Андан сырткары, ИИМдин ИИКтин кызматкерлери тарабынан  Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКка  Бишкек шаардык Октябрь РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты П.А. жеткирилген. Анын иш бөлмөсүнө тинтүү жүргүзүү учурунда    Т.С. аттуу жаранга карата   токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылып алынган. 

Суракка алуу жана башка тергөө амалдарын жүргүзүүдөн кийин төрт милициянын кызматкери  Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан мурда, Октябрь РИИБдин КМКнын кармалган кызматкерлерине карата  Бишкек шаарынын Г.В. аттуу жашоочусунун ага карата түшкөн арыз боюнча маселени оң жакка чечип берүү үчүн 5000 сом суммасындагы акча каражатын талап кылып жатышкандыгы жөнүндө  арызы боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп келген. Бул факт боюнча тергөөнү Улуттук коопсуздук кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзүүдө.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин көп ай жүргүзгөн ыкчам иштеринин жыйынтыгында  Октябрь РИИБдин кылмыштуу тобун кармашты.  Азыркы учурда Октябрь РИИБдин милиция кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүштү жана Кыргыз Республикасын Өкмөтүнө караштуу ЭККМКтын  тергөө бөлүмү жүргүзүп жатат, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости