www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 «Хизб ут-Тахрир» (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмунун мүчөсү катары шектелип кармалганын Талас облустук ички иштер башкармалыгы 16-декабрда маалымдады.

Кармалган Ысык-Көл облусунун 50 жаштагы тургуну социалдык тармактарда экстремисттик идеологияга үгүттөп, ачык чакырып жүргөн. Тинтүү учурунда жанынан «Хизб ут-Тахрир» (Кыргызстанда тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмуна таандык материалдар табылган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен кылмыштын белгилерин аныктап, шектүү Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кармалып, соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

ИИМ тараткан расмий маалыматка караганда, ушул жылдын тогуз айында социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүлүп, соттук-эксперттик кызматтын корутундусунун негизинде соттун чечими менен 38 сайтка бөгөт коюлган.

Сот тарабынан 2003-жылдан бери 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында иш жүргүзүүгө тыюу салынган.

Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшүл-Махди”, “Ансарул-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости