www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Токтогул районунан Бишкек шаарына жана Чүй облусуна ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын март айында 1983-жылы туулган Ж.З.И., 1981-жылы туулган М.М.Б. жана 1983-жылы туулган И.А.К. аттуу жарандар кармалган. Алар баңгизаттарды Токтогул районунан ташып келип, борбор калаада андан ары таратуу каналын уюштурушканы аныкталган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертип, жарандарды наркокылмыштарга аралашпоого чакырды.

Последние новости